Hi friends,i like this song so much.This is a Kyrgyzstan's song,the singer sings this song is Mirbek Atabekov.Can anyone help me to translate it to "English" or "Russian" for me ?
Сагынам
Жалооруп карап сенин жамалың,
Жалынга жүрөгүмдү байладың.
Жашоомо жаралган сен ардагым,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым.
Сени сагынып, сени сагынып,
Күндөрүм өтөт кусага батып.
Сени сагынып, сени сагынып,
Уйкусуз таңдар атты.
Кайырма:
Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың,
Сени сагынам, сезимимди сыйбадың.
Сен, тагдырымды неге кыйнадың?
Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың.
Жанымда түбөлүккө калбадың,
Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың.
Жанашып жарым болуп албадың,
Жалгыздык күндөрдү арнадың.
Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып,
Көздөрүң карегимде кадалып.
Сезим жалынып, сага багынып,
Түбөлүк сен деп жашайм.
Табышпай калган биздин,
Тагдырыбыз айрылган экен.
Алыстарда жүрсөң да,
Сагынам, сагынам, сагынам.
Link for this song: http://www.youtube.com/watch?v=yHuGVcJ-f5M
Thanks !